Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Прокуратура мэриядагы айрым аткаминерлерге кылмыш ишин козгоду


Свердлов райондук прокуратурасы мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын айрым кызмат адамдарына "иш абалынан кыянат пайдалануу", "шалаакылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэриянын тийиштүү кызматкерлери Бишкектин Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым борборунан тийиштүү ижара акы алышкан эмес. Беш жыл ичинде аталган объект мэрияга 122 миң сом төлөмөк.

Учурда бул факт боюнча Свердлов райондук прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG