Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Париждеги теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө Йемендеги "ал-Каида" алды


"Ал-Каида" террордук уюмунун Йемендеги канаты франциялык “Шарли Эбдо” сатирикалык журналынын кеңсесине кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Видео кайрылууда согушкерлер муну менен Мухаммед пайгамбардын карикатуралары үчүн өч алганын айтышат.

7-январда куралчан эки адам басылманын 8 кызматкерин, 2 полициячыны жана дагы 2 кишини атып кетишкен. Андан кийинки 2 күндүн ичинде террорчулардын колунан дагы 5 бейкүнөө киши набыт кеткен.

Журналдын дарегине бир нече жылдан бери коркутуп-үркүтүүлөр айтылып, имараты жана башкы редактор кайтарууга алынган.

Бүгүн басылманын теракттан кийинки биринчи саны 1 миллион нуска менен чыкты. Биринчи бетинде Мухаммед пайгамбарды “мен Шарлимин” деген жазууну кармап турган сүрөтүн жана “Бардыгы кечирилди” деген сөздөрдү көрсө болот.

XS
SM
MD
LG