Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Президент кордолгон баланын ишин өз көзөмөлүнө алды


Президент Алмазбек Атамбаев эки жашар баланын ырайымсыз зордук-зомбулукка кабылышын тыкыр иликтеп, тез арада чара көрүүнү өкмөткө тапшырды. Президент өкмөттү Чүй облусунун Озерное айылынан катуу сабалып, эс-учунан танып жаткан эки жашар наристени сактап калуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, окуянын себептерин терең териштирүүнү камсыз кылууга милдеттендирди.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда түшкөн. Учурда ал аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Милиция атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин улантып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча баланы ооруканага өзүн "атасымын" деп тааныштырган адам жеткирип, тепкичтен кулап кеткенин айткан жана ошону менен кайрылып келген эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG