Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Кара-Суу районунун Фуркат айылынын Маралхан, Дилярам аттуу тургундары мамлекеттин карамагындагы үйлөрдү сыртынан саткан деп айыпталып жатат. Алар “июнь коогасынын жабырлануучуларына курулган үйдөн алып берем” деп 370 миң сомдон чогултуп алган. Бул аялдардын үстүнөн буга чейин дагы 19 адам алданганын айтып арызданган болчу.
Буга улай Ош шаарынын Камчы жана Гүлшайыр аттуу жубайлары да жогорудагыдай эле июнь коогалаңынын курмандыктары үчүн курулган үйлөрдү сыртынан сатууга айыпталып кармалды. Милиция жубайлар бир адамдан 400 миң, экинчи адамдан 500 миң сом алган деп айыптоодо.
Ош милициясы тарабынан буга чейин июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдү сыртынан саткан үч топ кармалган. Ири суммадагы акча алдаткан жарандардын жалпы саны отузга чукул. (YI)