Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

15-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт


15-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

14-январынан 16-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Казарман-Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күттүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...-5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7

Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -3....-8

15-январда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° суук, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° суук болот. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4 градус, күндүз -1...-3 градус болот.

XS
SM
MD
LG