Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Кубанычбек Кадыров шаардык милицияга суракка чакырылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги эркин депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыров Нарындагы митингди уюштурду деген шек менен суракка чакырлган.

Шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев Кадыровдун суракта экенин төгүндөдү. Анын айтымында, митингдер боюнча бир да адам суракка чакырылган эмес.

Кубанычбек Кадыров “Чындык” партиясынын лидери. Ал көптөн бери бийликке каршы акцияларга активдүү катышып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG