Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Кыргызстанда жугуштуу кызамык оорусу күч алды


Өлкөдө 689 бала кызылча жуктурду деген күмөн менен адистерге кайрылган жана алардын 318и бул ооруну жуктурганы лабораториялык анализдерден кийин тастыкталган. Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызматтын маалымдоосу боюнча, кызылчанын генотиби Орусия менен Казакстандагы илдетке дал келгендиктен, оорунун күчөшүнө миграция жана ата-энелердин балдарын эмдетүүдөн баш тартуусу болуп жатат.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Жолдош Калиловдун айтымында, өлкө боюнча 3 миӊ 224 үй-бүлө балдарын ар кыл ооруларга каршы эмдетүүдөн баш тарткан. Кызылча жуктургандардын 51 проценти ушул эмделбей калган балдардын арасында. Кызылча жуктурган баланын денесине кызыл тактар чыгып, жөтөлүп, мурду бүтүп, алсыз болот жана дене табы көтөрүлөт. Адистер балдарды убагында эмдетип турууну сунушташууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG