Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Керри менен Зариф Женевада жолугушту


Женевада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин жолугушуусу болду.

Эртең Тегерандын атомдук программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары кезектеги айлампага чогулушмакчы.

Керри менен кездешүүнүн алдында Зариф бул маанилүү жолугушуу тараптардын сүйлөшүүлөр жараянын алга жылдырууга даярдыгын көрсөтөт деп айткан. Ошол эле маалда министр 1-июлга чейин мунасага жетишилеби деген суроого “аны көрө жатаарбыз” деп жооп берди.

АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия кирген топ менен Иран келишимге жетише алса, Тегеран ядролук программасын кыскартат, ал үчүн Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялардын айрымдары алынмакчы.

Иран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG