Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Казакстанда "уйку оорусуна" кабылган айылдын тургундары көчүрүлүүдө


Калачи кыштагындагы мурдагы уран кени
Калачи кыштагындагы мурдагы уран кени

Казакстандын Красногорск айыл округунун акими Асель Садвакасова Калачи айылынын тургундарын көчүрүү иштери менен алектенип жүргөн жеринен ооруканага жаткырылды. Догдурлар так диагноз коюу үчүн бейтап Астанага жектирилиши мүмкүн дешет. 2013-жылдын март айында Калачи айылында “уйку оорусунуна” алгачкы чалдыккандар катталган. Жергиликтүү жашоочулар алы кетип, уйкусурап, башы айланганына даттанышкан. Бирок борбордон келген көптөгөн комиссиялар, клиникалык анализдер ал табышмактуу оорунун себебин аныктай алган эмес. Ал эми калачиликтер илдетти Советтер Союзунан бери калган мурдагы уран кенине байланыштырып, өкмөттөн башка жерге көчүрүүнү өтүнүшкөн. Казак өкмөтү оорунун себебин аныктоо үчүн чет өлкөлүк адистер тартылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG