Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24

Франциянын элчиси кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирет


“Франция ырайымсыз кол салуудан жапа чегип турганда Кыргызстан француз элинин азасын тең бөлүштү” деп айтылат элчилик тараткан маалыматта. Буга байланыштуу Франциянын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн маалымат жыйынын уюштуруп, басылмалар аркылуу ыраазычылык билдиримекчи.

7-январда Париждеги “Шарли Эбдо” журналынын редакциясына үч киши кол салып, 12 адамды өлтүргөн. Кол салгандар муну Мухамед пайгамбардын карикатурасы үчүн журналдан өч алышканы божомолдонууда. Кийинчерээк бул ишке шектүү делген ага-инилер өлтүрүлгөн. Бул окуяга удаа Франциянын борбор калаасында жанкечти жөөттөрдүн дүкөнүнө кол салып, андагы элди барымтага алган. Натыйжада жалпысынан 17 адам кылмышкерлердин кол салуусунан өмүр менен кош айтышкан.

Бул окуяга байланыштуу Франциянын мамлекет башчысына жана элине көңүл айтуусун 8-январда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев билдирген. Ошондой эле Франциянын Бишкектеги элчилигинин алдына журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү барып, француз элинин кайгысы менен тең бөлүшөрүн билдирген акцияларды өткөрүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG