Бул Жол кайгуул кызматынын ишине коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 14-январда ИИМ жетекчилиги менен Жол кайгуул кызматынын иши тууралуу сүйлөшкөн учурда билдирди. Өкмөттүк аппараттын маалыматы боюнча, премьер-министр өз сөзүндө акыркы убактарда элдин жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине нааразылыгы күчөгөнүн баса белгилеген. Оторбаев ошондой эле “Бул системада тартип орнотуу зарыл. Коомдук көзөмөлдү күчөтүү үчүн мен жарандарга жана журналисттерге Жол кайгуул кызматкерлеринин ишин видеого жана сүрөткө тартып, эфирге коюусун өтүнүп кайрылам” деп айткан.
Маалыматка ылайык, премьер-министр бир ай ичинде жол кыймылы эрежесин бузганы үчүн айдоочулардан айыппулду накталай алууну токтотууну талап кылып, ар бир МАИ кызматкеринде атайын банктык ПОС-терминал болушун, кызматкерлер аны туура колдонууну билүүгө тийиштигин эскертти.
Өткөн жылы жол кыймылы эрежеси бузулган учурда төлөнүүчү айыппулдун көлөмү бир нече эселеп көбөйгөн. Айдоочулар муну менен кошо МАИ кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери да күч алганын айтып, нааразылык билдирип келишет.(ZKo)