Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Июн окуясынын жабырлануучуларынан арткан үйлөр бош


Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын вице мэри Жапар Ормонов билдирди. Анын айтымында, “Июн коогалаңынан” жабыркагандарга курулган үйлөрдү бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктай элек. Анткени жабырлануучулардын арасынан дагы 15 чамалуу адамдын батир алуу боюнча арызы каралып бүтө элек.

Бул арада «Июн коогалаңынын» жабырлануучуларынан беш жүздөн ашык батир ашары болжолдонууда. Ал үйлөрдү бюджеттик мекемелерде иштегендерге жана аз камсыз болгондорго ипотекалык негизде бөлүштүрүү боюнча Ош шаардык кеңеши жобо иштеп чыккан. Бирок Мамлекеттик дирекция тарабынан курулган үйлөр «Июн коогалаңынын» жабырлануучулары үчүн гана берилсин деген токтом али жокко чыгарыла элек.

Ош шаардык мэриясынын турак жай менен камыздоо бөлүмүнө 4 миңден ашык жаран үйгө муктаждыгын айтып кайрылышкан. (YI)

XS
SM
MD
LG