Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Каримов Өзбекстанда кайра шайлоого катышат


Өзбек президенти Ислам Каримовдун талапкерлиги бүгүн өзүнүн Либералдык Демократиялык партиясы менен Ишкерлер кыймылынын биргелешкен жыйынында көрсөтүлдү.

Өлкөдө президенттик шайлоо 29-мартка белгиленген.

Ушул айда 77 жашка чыгып жаткан Каримов 2007-жылы кайра шайланганда эл аралык байкоочулар добуш берүү демократиялык талаптарга жооп бербегенин, реалдуу оппозиция болбогон катуу кайтаруудагы саясий кырдаалда өткөндүгүн билдиришкен.

Калкынын саны 29 миллионго жеткен Өзбекстанды Каримов чейрек кылымдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG