Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:11

Обама менен Камерон ислам экстремизмине каршы туруктуу күрөшөт


АКШнын президенти Барак Обама жана Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон исламчыл экстремисттерге каршы биргелешип күрөшүүнү улантууга сөз беришти. "Таймс оф Лондон" гезитинде жарык көргөн биргелешкен макаласында экөө «сөз эркиндигин будамайлоого» жол бербей тургандыгын баса белгилешет.

Францияда бир апта мурда сатиралык "Шарли Эбдо" журналына кол салууда 12 кишинин катарында таанымал сегиз редактор, журналист набыт болгон эле. Үч күндүк тоз-тополоңдо бардыгы болуп 17 кишинин каны төгүлдү. Обама менен Кэмерон Париж кол салууларына «бир добуштан» жооп берүүгө сөз берди. «Биз бул баш кесерлерди жана алардын карөзгөй идеологиясын жеңебиз» деп айтылат макалада. (jch)

XS
SM
MD
LG