Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24

Канадалыктар Кумтөр боюнча акыркы сүйлөшүүлөргө жооп бере элек


Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, канадалыктар акыркы сүйлөшүүлөр боюнча жооп бере элек жана кийинки жолугушуунун так мөөнөтү белгисиз.

- Биз аларга акыркы сүйлөшүүдө өз сунуштарыбызды бергенбиз. Азырынча алардан жооп боло элек. Кийинки жолугушуу январдын соңунда Бишкекте өтөт деп болжоп жатабыз, - деди Мамытов.

Мамытов кошумчалагандай, канадалыктар менен сүйлөшпөй туруп өкмөт парламент алдында Кумтөр боюнча маалымат бере албайт.

“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку үч күндүк сүйлөшүү 19-декабрда аяктаган. Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана декабрда түзүлөт деп убада кылган.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындан мурдараак канадалыктар кыргыз өкмөтү көнбөй турган юридикалык талаптарды коюп жатканын билдирген. Өлкө башчысы Атамбаев да буга чейин Кумтөрдү улутташтыруудан башка жол калбай баратканын кыйыткан болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG