Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Украинада автобуска кол салуунун курмандыктарын эскеришет


Бүгүн Украинанын чыгышындагы кечээки ракета менен кол салууда набыт болгон 12 кишини эскеришет. Киев өкмөтү автобусту аткылаган деп өлкөнүн орусиячыл жикчилдерин күнөөлөштү. Жикчилдер бул кинени четке кагышууда. Автобуска кол салууну Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши айыптап, күнөөлүүлөрдү табууга үндөдү. Бул күнү чыгыштагы жикчилдер көзөмөлдөп турган Донец шаарынын эл аралык аба бекетинде кырчылдашкан согуш аракеттери жүрдү. Мунун алдында Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк орусиячыл жикчилдерди «террорчул уюмдар» деп таанууга чакырган эле.

XS
SM
MD
LG