Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Казак УККсы: видеодо казак жарандары жок


Өспүрүм согушкер Орусиянын тыңчылары делген эки кишини атып өлтүрүүдө. Сүрөт “ИМ” экстремисттик тобунун тасмасынан алынды.
Өспүрүм согушкер Орусиянын тыңчылары делген эки кишини атып өлтүрүүдө. Сүрөт “ИМ” экстремисттик тобунун тасмасынан алынды.

Казакстандын Улуттук Коопсуздук комитети казак cогушкер бала атты делген эки киши тууралуу видеодо казак жарандары жок деген билдирүү таркатты.

Өз билдирүүсүндө комитет ошондой эле маалымат каражаттарын "бейрасмий чет элдик булактардан алып басууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого" чакырды жана жалган экени маалым болгон кабарды таркатуу үчүн кылмыш жазасы каралгандыгын эскертти.

Ушул аптада интернетте "Ислам мамлекет" тобу таркаткан видеодо казак деп болжолдонгон бала «Орусиянын коопсуздук кызматынын тыңчылары» деп ырасталган эки кишини тизелеп турганда желкесине атып өлтүргөнү көрсөтүлгөн. Видеодо тыңчы делгендердин бири Казакстандан экендигин айткан.

Орусиянын коопсуздук кызматтары бул маалыматты комментарийлөөдөн баш тарткан. "Азаттыктын" казак кызматы бул тууралуу макаласы Казакстандын аймагында ачылбай жаткандыгын билдирет. jch

XS
SM
MD
LG