Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Батыш экстремисттерге каршы күрөштү күч алдырат


Батыш экстремисттерге каршы катаал турумда болууга сөз берүүдө, ал эми Франция бардык диндердин жолдоочуларын коргоого ниеттүү.

Францияда 17 киши согушкерлер колдуу болгондон кийин Кошмо Штаттары менен Британия исламчыл экстремисттерге каршы бирдиктүү күрөш жүргүзүү ниетин бышыкташты.

АКШнын президенти Барак Обама менен Британиянын өкмөт башчысы Девид Кэмерон сөз эркиндигин «будамайлоого» сөз бербей тургандыгы айтылган макаласын "Таймс оф Лондон" гезитине жарыялашты.

Ал эми Франциянын президенти Франсуа Олланд «фанатизм, фундаментализм, бей-толеранттуулуктун башкы курмандыктары мусулмандар» экендигин эскертти.

Париждеги Араб дүйнөсү институтунда сүйлөгөн Олланд "Биз ушуну унутпасак, муну мен Араб өлкөлөрүнө барганда да ар дайым айтам. Ислам демократия менен шайкеш келген дин. Биз андай эмес деген түшүнбөөчүлүктү жана адашкандыкты биринчи кезекте Франциянын өзүндө четке кагуубуз керек. Франциянын мусулман жарандарынын укуктары жана милдеттери калган жарандардыкынан айырмаланбайт, - деди.

Берлинде Канцлер Ангела Меркел исламчыл экстремисттерге каршы коопсуздук чараларын күчөтүүгө сөз берди.

XS
SM
MD
LG