Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Орусияда татар активистин бошотууну талап кылышты


Орусиянын орус эмес улуттардын өкүлдөрү жашаган төрт аймагында татар активисти Рафис Кашаповду түрмөдөн бошотуу талабы менен демонстрациялар өттү.

Татарстандын баш калаасы Казанда жана Чаллы шаарында, Башкортастан, Чувашия, Мари Эл жумурияттарынын баш калааларында өткөн демонстрация катышуучулары «Рафис Кашаповго эркиндик», «Бардык саясий туткундарга эркиндик» деген ураандарды көтөрүп турушту.

Алар "Азатттыкка" акцияны Орусиянын Түпкүлүктүү элдеринин биримдиги уюштургандыгын бышыкташты. Белгилүү татар активисти Кашапов декабрда кармалып, интернет аркылуу улуттар, расалар жана диндер аралык жек көрүүчүлүктү козуткан деп айыпталган эле.

Кашапов Орусиянын былтыр Украинадан Крымды тартып алышын жана Москванын Украинанын чыгышындагы жаңжалга аралашканын катуу сындап чыккан.

XS
SM
MD
LG