Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

«Левиафан» Оскарга көрсөтүлдү


Тасмадан алынган сүрөт.
Тасмадан алынган сүрөт.

Орусиялык "Левиафан" тасмасы АКШнын Кино Академиясынын чет элдик тасма категориясына көрсөтүлдү. Режисер Андрей Звягинцевдин тасмасы ушул аптада Алтын Глобустун эң мыкты чет элдик тасма сыйлыгын алган эле.

Кино искусствосу жана илим академиясы Орусияда чектелүү таризде көрсөтүлгөн "Левиафан" менен катар дагы төрт тасманы бүгүн тандап алды.

Белгилүү режиссердун социалдык драмасы Орусияда "өлкөдөгү коррупцияны жана элеттик турмушту өзгөчө кара боектор менен сүрөттөйт" деген сынга кабылган.

Интерфакс агенттигинин маалыматына караганда, орус өкмөтү учурда «орус маданиятын жаманатты кылган» тасмаларга тыюу салууну караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG