Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Европарламент кумсалыкты пропагандалоого каршы мыйзамды кабыл албоого чакырды


Европа парламенти 15-январда өткөн жыйынында Кыргызстандагы кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алды. Европарламент аталган мыйзам боюнча терең кабатырлануусун билдирип, мыйзамды кабыл албоого чакырды.

- Сексуалдык ориентация жана жыныстык иденттүүлүк ар бир адамдын өз маселеси, бул кемилденген адам укугу, - деп айтылат резолюцияда.

Евро парламенттин депутаттары Еврокомиссияга, Европа Кеңешине жана тышкы саясат боюнча кызматка кайрылуу жолдоп, аталган мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн Евробиримдик менен болгон мамилесине көлөкө түшүрөрүн Кыргызстандын жогорку бийлигине эскертүүнү өтүндү.

Буга чейин кыргыз парламенти талаштуу мыйзам долбоорунун эл аралык нормаларга шайкештигин карап берүү өтүнүчү менен Европарламентке кайрылган болчу.

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган бул мыйзам долбоорун эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар адам укуктарын чектейт деп каршылыгын билдирип келишет. Аталган мыйзам кабыл алынып калса, салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалагандарды алты айдан бир жылга чейинки абак жазасы күтөт. Аларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жактаган журналисттер да жазага тартылат. Мыйзам ошондой эле кумсалар бирикме түзүп, укугун коргошуна тыюу салат. (UEz)

XS
SM
MD
LG