Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

Орусияда кыргызстандык генералдын айдоочусу кармалганы айтылууда

Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кыргызстандык генерал-майор Уран Шамшыкеевдин айдоочусу 20 килограмм героин менен Орусияда колго түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча генерал-майор КМШ боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросунда Кыргызстандын өкүлү катары иштейт.

Азырынча бул маалыматты ИИМ тастыктай элек. Кабарларга караганда, генерал-майор 2007-жылдан бери Орусияда иштейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG