Оштогу Сулайман Тоо музей комплексинин кызматкерлери курулуш жүрүп жаткан жерден 15-январда табылган кумураны музейге алуу ниетин билдирип жатышат.
Эстакада көпүрө түшчү жерден табылган кумуранын бийиктиги 1 метр, оозунун кеңдиги 60 сантиметр. Бирок аны бүтүн бойдон алып калууга мүмкүн болгон жок. Жумушчулардын айтымында, андан мурда эле жарака кеткен. (YI)