Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Ошто каза тапкан жоокердин жакындары аскер жетекчилигине нааразы


Оштогу чек ара отрядында асынып өлдү делген жоокер Кубаныч Ногойбаевдин жакындары өлкөнүн аскер жетекчилигине нааразы. Алар жоокер өзүн-өзү өлтүрбөй эле, ур-токмоктун курмандыгы болду дешүүдө. Маркумдун таежеси Жыпаркүл Касенованын айтымында, Кубанычтын моюнунда жиптин изи болгон эмес жана денесинин баары көгала болгон.

11-январда Ош чек ара отрядында кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы Кубаныч Ногойбаев өзүн-өзү асып алганы тууралуу чек ара кызматы маалымат тараткан. Маркум аскерге өткөн жылы күздө чакырылган. Учурда окуяны Аскер прокуратурасынын Ош шаардык гарнизону иликтеп жатат.

Кыргыз армиясында жоокерлердин өз өмүрүн кыюусу тез-тез кайталанып турат. Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2014-жылы армияда 12 аскер кызматкери каза болсо, анын ичинен жетөө өз жанын кыйган. (UEz)

XS
SM
MD
LG