Германиянын канцлери Ангела Меркел орус президенти Владимир Путинди ушул жылдын июнунда Баварияда өтчү Чоң жетиликтин саммитине чакырбай турганын билдирди. Бул тууралуу Меркел Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитине маегинде билдирген.
Меркелдин айтымында, Чоң жетилик бирдиктүү максаттарды көздөгөн өлкөлөрдүн уюму катары белгилүү болчу. Украинадан Крымды аннексиялоо жана коңшу өлкөнүн ички ишине кийлигишүү менен Орусия эл аралык укук нормаларын бузду.
Немис канцлери Батыштын Орусияга киргизген санкциялары анан себептери жокко чыгарылмайын алынбай турганын кошумчалады.
Өткөн аптада Ангела Меркел Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча Минск келишиминин бардык пункттары аткарылмайынча Орусияга киргизилген санкциялар алынбай турганын билдирген.