Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Парижде белгисиз куралчан эки адамды барымтага алды


Парижге жакын жердеги Коломб шаарчасында белгисиз куралчан почта бөлүмүнүн имаратында турган эки адамды барымтага алды. Бул тууралуу France-Presse агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берип жазып чыкты.

RTL радиосунун кабарлашынча, аталган адамдын колунда Калашников үлгүсүндөгү автомат жана граната бара экени айтылууда. Учурда окуя болгон жерде полициянын тик учагы учуп жүрөт.

Өткөн аптада Франциядагы кол салуулардан 17 адам каза болгон эле.

XS
SM
MD
LG