Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Тажикстан Түркиядан оппозициячыл саясатчыны өткөрүп берүүнү суранууда


Тажикстан оппозициячыл саясатчы жана ишкер Умарали Куватовду өткөрүп берүүнү суранып, түрк бийликтерине расмий кайрылды. Өлкөнүн Ички иштер министри Рамазон Рахимзода алдамчылыкка айыпталган Куватовду өткөрүп алуу үчүн тиешелүү документтер жөнөтүлдү. Буга чейин тажик бийликтери Куватов негиздеген “Группа 24” тобунун ишмердигине тыюу салган. Министр кошумчалагандай, “Группа 24түн” сегиз мүчөсү Орусияда кармалды жана жакын арада Тажикстанга өткөрүлмөкчү. Куватов баштаган үч адам өткөн жылдын декабрында Түркияда кармалган эле.

Умарали Куватов бир кезде президент Рахмондун үй-бүлөсү менен ысык ымалада жүргөн. Кийин бийлик мамилеси бузулуп, 2012-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG