“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тараткан тасмада Орусиянын чалгынчысы деп ырасталган Сергей Ашимов аттуу адам Казакстанда туулуп-өскөн. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Казакстандын Караганда облусунда туулган 30 жаштагы Ашимов жетим балдар интернатында окуган. Аны тааныгандар сыпайы, маданияттуу, киши менен чатагы жок деп мүнөздөшкөн. Ашимов мектепти бүтүргөн соң кесиптик техникалык окуу жайда окуп, кийин Татарстанга көчүп кеткени кабарланат.
Анын социалдык тармактардагы баракчалары ар кыл диний топторго мүчө болгонун көрсөтөт.
13-январда "Ислам мамлекетинин" үгүт-насаат канаты болгон "Ал-Хаят" медиа тобу «Ичтен чыккан душмандын бети ачылганда» деген аталышта видео тасма жарыялады. Анда өспүрүм согушкер «орус тыңчылары» делген эки кишини атып өлтүргөнү көрсөтүлөт. Андагы тыңчы делгендердин бири Жанболат Мамаев казак улутундагы адам экени айтылган. Ошондой эле аларды атып өлтүрдү делген өспүрүм да казак улутунда экени кабарлаган. Бирок Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы аталган адамдардын бул өлкөдө экенин четке каккан.