Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Лейлек чек ара бекетине кол салуудан бир адам каза болду


Түнкү саат 11лер чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Айкөл чек ара бекетине куралдуу кол салуу болуп, анын начальниги октон каза болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” окуя болгон жерден атын атагысы келбеген чек ара кызматкери билдирди.

Октон жаракат алгандар да бар. Алардын биринин абалы оор болгондуктан Оштогу ооруканага жөнөтүлдү. Ал эми экинчиси Исфанадагы ооруканага жеткирилди.

Чек ара бекетине ким кол салганы азырынча белгисиз.

Учурда чек арачылар күчөтүлгөн режимге өтүп, кол салгандар издөөгө алынды. (JsA/MTo)

XS
SM
MD
LG