Дүйнө боюнча миңдеген мусулмандар көчөгө чыгып, Франциядагы сатиралык Charlie Hebdo журналы жаңы номерине Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн кайрадан басканын сынга алышты.
16-январда Пакистандын Карачи шаарында полиция 200дөй адамды таратыш үчүн таяктарды, суу чачкычтарды жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Акцияга чыккандардын басымдуу бөлүгү Жамаат-э-Ислам диний партиясы менен байланышы бар студенттер экени айтылат.
Иорданияда полиция демонстранттардын француз элчилигине карай маршын токтотууга аракет кылганда кагылышуу болду.
Алжирде, Сирияда, Индияда, Филиппинде, мындан тышкары пакистандыктар тарабынан Иерусалимде да демонстрациялар болуп өттү.
Charlie Hebdo журналынын акыркы санынын биринчи бетинде Мухаммед пайгамбардын көз жашын агыза "Мен - Шарли" деген жазууну кармап турган сүрөтү басылган.
Журнал жамааты муну өткөн аптада кеңсесине кол салган ислам жоочуларынын колунан өлгөн 12 адамга пайгамбар тилектештигин билдирет деп түшүндүрүшөт.