Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

АКШ Жогорку Соту бир жыныстуу үй-бүлөнүн Башмыйзамга ылайыктыгын карап чыгат


АКШнын Жогорку Соту бир жыныстуу никеге болгон тыюу Конституцияга туура келер же келбесин, ошондой эле, бир жыныстагылардын никесине тыюу салган штаттар башка штаттарда ушундай никеге тургандарды таанышы керекпи же жокпу деген маселени карай тургандыгын маалымдады.

Жогорку сот Огайо, Кентукки, Мичиган жана Теннеси штаттарынан түшкөн бир нече арыздарды кароого алды. Арыз ээлери федералдык апелляциялык соттун аталган штаттардын бир жыныстуулукка тыюу салуусу Конституцияга туура келет деген чечимин сотко беришти.

Өткөн жылы Жогорку Сот бир жыныстуу жубайларга карата дискриминация делген айрым жоболорду “Никени коргоо боюнча” федералдык мыйзамдан алып салган.

Мындай чечимден кийин бир нече штаттардын соттору бир жыныстагылардын бүлө курушуна салынган тыюу күчүн жоготту деп табышкан.

Эгер Жогорку Сот төрт штат бир жыныстуу никеге тыюу салуу менен жарандардын конституциялык укугун бузуп жатат деп эсептесе, анда бул бүт өлкө боюнча бир жыныстуу никеге уруксат дегенге негиз болот.

Арыз апрель айында каралары белгиленген, чечим июнь айынын аягында чыгары күтүлүүдө. Ушул тапта АКШнын 14 штатында бир жыныстагылардын үй-бүлө курушуна тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG