Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Туугандары сабаган наристенин абалы оор бойдон калууда


“Балдардын укугун коргоо лигасынын" төрайымы Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” айтымында, туугандары тарабынан катуу сабалып, комада жаткан наристе өз алдынча дем ала баштаганы менен абалы дале оор бойдон.

Бишкектеги балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн врачтары балага жардам берүү максатында барган атуулдарды сабыр кылып, күтө турууга чакырышты.

- Себеби алар баланы үзгүлтүксүз кароого тоскоол болуп жатышыптыр. Бала эс-учуна келгенде догдурлар басма сөз кызматы аркылуу элге кабарлашарын билдиришти, - деди Турдубекова.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда түшкөн. Милиция атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ымыркайдын атасынын бир тууганы жана анын аялы баланы сабоого шектелип, камакка алынган. (BcH)

XS
SM
MD
LG