Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Жарадар чек арачыга Ошто операция жасалды


"Айкөл" чек ара бекети.
"Айкөл" чек ара бекети.

Лейлектеги чек ара тозотундагы ок атуудан жаракат алып, Ош облустук ооруканасына алынып келинген лейтенант Осмоновдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ооруканасынын башкы врачы Шайырбек Сулайманов билдирди.

- Операция деп айтууга деле болбойт, кичи операция болду. Ок деле жок, чачырандылар экен. Эмне болгон чачыранды экенин айта албайм. Моюн, төш жагынан чачырандылар алынды, - деди дарыгер.

Кечээ түнкү саат 22.50дө “Айкөл” чек ара тозотунда белгисиз бирөөлөр тарабынан ок атылып, андан тозоттун начальниги каза тапкан. Андан тышкары начальнигинин орун басары жана катардагы бир жоокер жаракат алган. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG