Москва мэриясы диний ишмерлердин чагымчыл мүнөздө делген “Шарли Эбдо” журналынын карикатураларына каршы өткөрчү митингдерине уруксат бербей тургандыгын билдирүүдө. Диний коопсуздук боюнча департамент башчысы Алексей Майоров:
- Акцияны диний ишмерлер эмес, Махачкаладан келгендер уюштуруп жатыптыр. Абакаров жана Мирзаев аттуу жарандар буга чейин да эмгек мигранттары менен митинг өткөрүүгө аракет кылышкан, - деди.
Майоров кошумчалагандай, Москва бийлиги ар кандай чагымдардын алдын алуу үчүн тартип коргоо органдарына кайрылат.
Мындан мурдараак 25-январга белгиленген митингге жүз миңге жакын адам катышары айтылган. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, Москвадагы мусулмандар Франциянын “Шарли Эбдо” сатиралык журналындагы диний карикатураларга каршылыгын билдирүүнү ниет кылышууда.