Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:27

Обдуновду депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси комитетте каралат


“Республика” фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновду мандатынан ажыратуу маселеси Жогорку Кеңештин регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинде жакынкы күндөрү каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” комитет төрайымы Айнура Алтыбаева билдирди. Анын айтымында, Обдунов көптөн бери ишке чыга элек, ошентсе да ооруп жаткандыгы тууралуу маалымдаманын жардамы менен айлык алып келет.

- Бул маселе биздин комитетте каралат. “Республика” фракциясынын Обдуновду депутаттыктан кетирүү боюнча чечими келе элек. Чечим келсе жумушчу топ түзүп, анын справкаларынын негиздүүлүгүн текшеребиз, - деди Алтыбаева.

“Республика” фракциясы 16-январдагы жыйынында өз катарындагы депутат Элмурат Обдуновду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча спикерге сунуш киргизген. Буга Обдуновдун көптөн бери ишке чыкпай жатканы себеп болгон.

Мыйзам боюнча эл өкүлү эч себепсиз отуз пленардык жыйынга катышпаса, мандатынан ажыратылат. Ишин көп калтырган депутаттардын тизмесине Нурлан Төрөбеков, Азиз Суракматов, Улан Чолпонбаев, Динара Исаева жана Ыргал Кадыралиева кирет. (UEz)

XS
SM
MD
LG