Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Донецк аэропортунда кырдаал курч бойдон калууда


Донецк аба майданын курчап турган украин аскерлери позицияны колго алып, жарадарларды чыгарып кетти. Бул тууралуу украин президентинин кеңешчиси Юрий Бирюков Фейсбук баракчасына жазды. Анын маалымдашынча, өткөн түн мурдагыларга салыштырмалуу тынч болуп, эки адамдын сөөгү жана 20 жарадар аба майдандан чыгарылды.

Учурда аба майданында абал курч бойдон калууда. Жикчилдер кечээтен бери украин аскерлерине карата 28 жолу ок чыгарган. Аткылашуудан Донецк аэропортундагы метеомунара да зыянга учурады.

Өздөрүн "элдик республика" жарыялап алган Донецктин өкүлдөрү болсо өткөн түнү аэропорттогу атышуудан жүзгө жакын украин аскери жарадар болгонун айтууда.

XS
SM
MD
LG