Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Эки депутатты мандатынан ажыратуу маселеси каралат


Жогорку Кеңеш депутаттары Нариман Түлеев менен Урмат Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси келаткан аптада каралышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.

- Түлеев боюнча шаардык соттун чечимин күтүп жатабыз. Ал эми Аманбаеванын ишин атайын жумушчу топ карап жатат. Алар прокуратура жөнөткөн материалдарды изилдеп бүтүп, аны мандатынан ажыратуу маселесин жалпы жыйынга алып чыгышат, деди Баатырова.

26-декабрда Аманбаевага козголгон иш тергелип бүтүп, сотко өткөндүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура аны депутаттык мандаттан ажыратууну БШКдан өтүнгөн. Урмат Аманбаева Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзүп, өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда. Аманбаева өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта мэр болуп иштеген кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып тагылган.

Нариман Түлеев соттун мындай өкүмүн “саясий чечим" деп баалап келет. Ал 2012-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында камакта. Аны Бишкек шаардык соту 11 жылга эркинен ажыраткан. (UEz)

XS
SM
MD
LG