Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Украин президенти өлкө чыгышына көзөмөл орнотууну убада кылды


Киевдеги тынчтык жүрүшү. 18-январь, 2015-жыл.
Киевдеги тынчтык жүрүшү. 18-январь, 2015-жыл.

Петро Порошенко бул тууралуу бүгүн Киевде, 20 миңдей адам чогулган Биримдик жүрүшүндө сүйлөп жатып билдирди.

Порошенконун ырастоосунда, Украина жикчилерге өз жеринин “бир чарчысын” да бербейт.

Украин президентинин мындай убадасы өлкөнүн чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин атышуулары күчөгөн учурда айтылды.

Украин армиясынын басма сөз катчысы Андрей Лысенконун билдиргенине караганда, украин күчтөрү өткөн түнкү операциянын натыйжасында Донецк аэропорт аймагынын дээрлик баарын кайра ээлеп, ал жерден жикчилерди сүрүп чыгарды.

Акыркы 24 саат ичинде төрт украин аскери каза таап, 32 жоокер жаракат алган.

Армиянын аэропорттун аймагына жасаган чабуулу урушту Донецк шаарынын өзүнө жакындатты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, шаарда артиллериядан атуулар күчөдү.(UE)

XS
SM
MD
LG