Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

АКШ вице-президентинин үйүнүн жанында ок атылганы кабарланды


Жо Байден.
Жо Байден.

Өлкөнүн Жашыруун кызматы билдиргендей, 17-январь күнү кечки саат 8:25те бир нече ок вице-президент Жо Байдендин Делавэр штатынын Гринвилл шаарындагы үйүнүн жанынан өтүп бара жаткан унаадан атылган.
Ал учурда вице-президент жана анын жубайы үйдө эмес болчу.

Үйдүн жанындагы чоң жолдон катуу ылдамдыкта өтүп бараткан унаадан атылган окту Жашыруун кызматтан имаратты кайтарган кызматкерлери уккан. Унаа бат эле көздөн кайым болгон.

Полиция вице-президенттин үйүнүн коопсуздук периметринен өтүүгө аракеттенген бир адамды камакка алды. Бирок анын ок атууга тиешеси бар же жок экени аныктала элек.

XS
SM
MD
LG