Сириянын түндүк-батышында жекшембиге караган түнү аскердик учак кыйрап, борттогулардын баары каза тапканын мамлекеттик телеканал кабарлады. Бирок курман болгондордун так саны расмий айтыла элек. Ал эми чет өлкөдө ишмердик жүргүзүп жаткан сириялык укук коргоочу уюм 35 адам мерт кеткенин билдирди.
Маалыматтарга ылайык, учак калың туман учурунда Идлиб провинциясына конуп жатып, электр линиясына тийип авария болгон. Ал эми “Ал-Каида” уюмунун Сириядагы бөлүмү учакка сокку урулганын “Твиттерге” жарыялады.