Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан "Шериктештик" кубогунун алкагында, бүгүн, 19-январда Кыргызстан менен Орусиянын жаш курама командалары беттешет. Бишкек убактысы боюнча, 22:00до баштала турган оюндун жүрүшүн мелдештин расмий сайтынан жана “Мир” телеканалынан көрүүгө болот.
18-январь күнү Кыргызстан менен Латвиянын курамалары майданга чыгып, беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Ал эми 16-январдагы тайпалык тандоо мелдештеринин алкагында да Кыргызстандын футболчулары Молдова курамасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан.
"Шериктештик" кубогунун оюндары 25-январга чейин уланат. Ага Азия жана Европадагы 12 өлкөнүн улуттук курамаларындагы 21 жашка чейинки футболчулар катышууда. (SE)