Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Доллар бир жылда 10 сомго өстү


Улуттук Банктын эсеби боюнча бир АКШ доллары өткөн жылдын 19-январында 50,09 сом болчу. Ушу тапта 59,89 сомду түзүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук Банктын басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева билдирди. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда бир доллар ушу тапта 60 сомдон жогору.

Доллардын баасы өскөнүнө байланыштуу Улуттук Банк өткөн жылы 48 жолу интервенция жасап, 516 млн. долларды базарга чыгарган.

2015-жылы 2 жолу интервенция жасап, 47 млн. 220 миң долларды базарга чыгарды.

Улуттук Банк сомдун куну түшүүсүнүн бир себебин акча алмаштыруучу жайлардан көрүп, аларды жабуу сунушун коомдук талкууга койгон. (МТо)

XS
SM
MD
LG