Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Ысык-Көлдө диний-экстремисттик уюмдарга мүчө 79 адам каттоодо турат


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, бир жылдын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунда диний-экстремисттик агымдардын адабияттарын мыйзамсыз сактоо боюнча 18 факты аныкталып, 291 даана адабияттар тартылып алынган.

Облустук ички иштер башкармалыгында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюмуна мүчө 79 адам катоодо тарат. Негизинен облустун 12 айылында аталган уюмдун мүчөлөрү бар.

Облус аймагында 195 диний уюм бар, анын ичинен 170и ислам динине, калганы христиан динине тиешелүү. (МК)

XS
SM
MD
LG