Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Парламент комитети Лейлектеги окуяны жабык талкуулайт


Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети Лейлектин “Айкөл” чек ара тозотунда адам өмүрүн алган ок атууну жабык талкуулайт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин аталган комитетинин жыйынында белгилүү болду. Жыйынга келген аскер прокурору Марат Эшперов окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп атканын “Азаттыкка” билдирди.

Мурдараак чек ара кызматы маалымат таратып, чек арачылардын бири тозоттогу ок атууну уюштурганын мойнуна алганын билдирген. Учурда кылмыш жасоого эмне себеп болгону жана кылмышкердин болжолдуу шериктери такталууда.

16-январда түнкү саат 11лер чамасында Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотунда болгон ок атуудан бир чек арачы өлүп, экөө жарадар болгон. Алдын-ала маалыматтарга караганда, ок аңчылык мылтыгынан атылган. (EBM/МТо)

XS
SM
MD
LG