Кыргызстан адам укугун сактоо боюнча БУУнун тогуз конвенциясынын сегизине кошулду. Бул тууралуу Женевадагы БУУнун адам укугу боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстан Улуттар уюмунун күчтөп уурдоого каршы коргоо боюнча конвенциясына гана кошула элек. Бешимов бул үчүн конвенция менен таанышууга кошумча убакыт керектигин кошумчалады.
Учурда БУУнун Адам укуктары комитети Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасын талкуулап жатат. Женевада өтүп жаткан жыйында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган кыргызстандык делегация маалымат берүүдө.