Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Германия полициясы исламдашууга каршы демонстрацияга тыюу салды


ПЕГИДАнын демонстрациясы. Дрезден, 12-январь, 2015-жыл.
ПЕГИДАнын демонстрациясы. Дрезден, 12-январь, 2015-жыл.

ПЕГИДА ((Европа патриоттору Батыштын исламдашуусуна каршы) кыймылынын бүгүн Дрезден шаарында мерчемделген демонстрациясына террор коркунучунан улам тыюу салынган.

Дрезден полициясы билдиргендей, алар федералдык жана жергиликтүү бийликтерден ПЕГИДА кыймылына каршы “конкреттүү коркунуч” тууралуу маалымат алышты.

Полициянын айтымында, ПЕГИДАнын “уюштуруу тобунун мүчөлөрүн өлтүрүү жөнүндө чакырыктар” болгон.

Немецтердин “Билд” гезитинин жазганына караганда, коркунуч ПЕГИДАнын лидери Лутц Бахманга багытталган.

ПЕГИДА Европанын исламдашуусуна каршы апталык демонстрацияларды Дрезденде былтыр октябрдан бери өткөрүп келе жатат. 12-январдагы акыркы митингге 25 миңдей киши жыйналган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG