Өткөн бир ай ичинде Орусияда жүргөн 1200 чамалуу гана кыргызстандык биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, биометрикалык маалымат чогултуу декабрдын башында башталып, учурда Москва, Екатеринбург, Новосибирск шаарларында маалымат чогултуучу пункттар ачылган.
“Мисалы, элчиликке эле түрдүү маселелер менен күнүнө жүз чамалуу кыргызстандыктар келет. Алардын баарына айтып атабыз. Бирок бул ыктыярдуу иш-чара болгондуктан көпчүлүгү тапшырбай жатат. Биометрикалык маалыматты ишемби, жекшемби жана майрамдан башка күндөрү эртең мененки 9дан кечки 6га чейин акысыз тапшырышса болот”, - деди Кулукеева.
Маалымат чогултуу борборлорунун дареги: Москва ш. Большая Ордынка көч. 64, Екатеринбург – Большаков көч. 105, Новосибирск ш., Красный проспект 220, корпус 2/350.
Расмий маалыматка караганда Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 550 миңге жакын. Ал бейрасмий маалымат боюнча миллиондун тегерегинде. (МТо)