Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

БУУ баш катчысы Украинада уруш күчөгөнүнө тынчсызданды


Пан Ги Мун
Пан Ги Мун

Пан Ги Мун өз билдирүүсүндө “согуштук аракеттерди тез жана толук токтотууга” чакырды. Баш катчы белгилегендей, уруштун күчөп кеткени аны олуттуу камтамага салууда. Мындай кырдаал Орусия, Украина жана жикчилдер былтыр 5-сентябрда Минскте кол койгон тынчтык келишимди толугу менен жокко чыгарып жатат.

Украин армиясынын кечээги билдирүүсүнө караганда, алар акыркы 24 саатта төрт жоокерин жоготкон. Киев ошондой эле Донецк аэропортунун дээрлик бардык аймагына көзөмөл орнотууга жетишкенин айтууда.

Айрым маалыматтарга караганда, дем алыш күндөрү уруштардын айынан Украинанын чыгышында кеминде 14 кишинин өмүрү кыйылды. Ал эми былтыр апрелден бери 4700дөн ашуун адам мерт болгон.(UE)

XS
SM
MD
LG