Эки аскер чек араны Ооганстан тараптан кесип өтүүгө аракеттенген куралдуу топ менен атышуу учурунда жаракат алган. Расмий өкүлдөр билдиргендей, чек араны бузууга умтулгандар наркоаткезчилер болушу мүмкүн.
Бирок тажик бийликтери соңку кездери Ооганстандын түндүгүндө көп сандагы согушкерлер топтолуп жатканын да эскертип келишкен.
Тажик коопсуздук өкүлдөрүнүн болжолунда, чек аранын Ооганстан тарабында жыйналгандар арасында Талибан менен катар “Өзбекстан Ислам кыймылынын”, “Жамаат Ансарулло” тобунун согушкерлери да бар. (UE)