Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:26

Казакстанда журнал редактору ачкачылык жарыялады


Журналист Гүлжан Эргалиева.
Журналист Гүлжан Эргалиева.

"Адам бол” журналынын башкы редактору, таанымал журналист Гүлжан Эргалиева мындай жол менен өз басылмасынын жабылышына каршылык билдирип жатат.

Ал ачкачылык акциясын бүгүн журналдын Алматыдагы кеңсесинде баштады.

"Адам бол” журналы сот чечими менен былтыр декабрда жабылган.

Алматынын соту анда журнал “согушту пропагандалап” жатат деген жүйө келтирген болчу.

Соттун чечими алдында журналда казакстандык активист Айдос Садыков менен интервью жарыяланган болчу.

Азыр Украинада бозгунда жашаган Садыков Орусияны Украинанын чыгышындагы аскерий жаңжалга аралашып жатканы үчүн сындаган.

Ага чейин оппозициячыл маанайдагы журналды Казакстандын басмаканалары басуудан баш тартып келген. (UE)

XS
SM
MD
LG